• 88.68
  • 95
  • 0.95

Балыкчы шаарына 10,7 чакырым канализация тутуму курулат

Аймак 0


Бишкек, 05.04.22. /Кабар/. Балыкчы шаарынын батышында 10,7 чакырым канализация тутуму курулат. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, облус башчысы Алтынбек Сулайманов 1-апрелде курулуш иштерин баштап берди.

Түтүктөр Тыныстанов, Тоголок Молдо, Мамбеталиев, Токтосунов, Каралаев, Калдыбаев көчөлөрү аркылуу өтүп, саркынды суулар Озерный көчөсүндөгү насостук станцияга куюлат.

Алтынбек Сулайманов бул долбоорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүп жаткан Азия өнүктүрүү банкына ыраазычылык билдирди.

“Курулуш иштери аяктаса Балыкчы шаарынын калкынын 35-40%ы канализацияга кошула алышат. Буга чейинки канализация тутуму шаардын 40%ын гана камтычу. Долбоор аяктаса шаардын 80%ы канализацияга туташат. Ошондой эле Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында канализация тутумдары курулат”,-деди А.Сулайманов.

Пикир

Оставить комментарий