• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ: Өлкө боюнча обсервацияда жаткандарга күнүнө 3 жолу ысык тамак берилүүдө. Сүрөт

Коом 0

Бишкек, 27.05.20. /Кабар/. Коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында өткөн сутка ичинде аткарылган иштер боюнча ӨКМден кыскача маалымат беришти.

Алсак;

- 2020-жылдын 26-май күнү өлкө боюнча 137 799 погондук метр унаа жолдор, 191 183 м2 имараттар дезинфекцияланган;

- Бишкек шаарындагы жана региондордогу обсервацияда жайгаштырылган жарандарга ӨКМ тарабынан күн сайын 3 жолу ысык тамак берилүүдө (меню алмаштырылып турат);

- өлкө боюнча санитардык-карантиндик жана блокпостторго ӨКМ тарабынан 120 даана чатыр жана 52 даана бир бөлмөлүү, 7 даана эки бөлмөлүү мобилдик турак үй орноштурулган;

- 112 кызматына өткөн сутка ичинде жалпы 6 миң 770 чалуу катталып, анын ичинен 190 коронавирус боюнча чалуу түшкөн.

- өлкөдө уюштурулган постторго, дезинфекциялоо жумуштарын аткаруу жана обсервацияда жайгашкан жарандарга ыңгайлуу шарт түзүүгө (орундук, тамак-аш жеткирүү) ӨКМ тарабынан 382 кызматкер жана 29 унаа тартылган.

Пикир

Оставить комментарий