• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарындын башчысы облус аймагында канча мекеме-уюм ишин жандантканын айтты

Аймак 0

Бишкек, 27.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Нарын облусунда 1-майдан 25-майга чейин 444 субъект ишин баштады. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов брифингде билдирди.

Анын маалыматында, жумушка 1 миң 509 адам чыкты.

"Уруксат 11 базар, 27 өнөр жай, 139 соода түйүнү, 49 чач тарач, 53 техника оңдоочу жай, 18 унаа жуучу жай, жол курулуш тармагындагы 2 ишкана, 70 такси кызматы жана 8 эмерек чогултуучу жана оңдоочу жайга берилди", - деп айтты Алымкулов.

Эскерте кетсек, 11-майдан тарта Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин киргизилген. Санитардык-карантик посттор эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин иштей берет. Бир облустан экинчисине өтүү боюнча киргизилген чектөө күчүндө калат, көзөмөл күчөтүлөт.

Кыргызстанда 22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаал режими сакталууда.

Пикир

Оставить комментарий