• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарын облусунда жазгы талаа жумуштары толугу менен аяктады - Алымкулов

Аймак 0

Бишкек, 26.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Нарын облусунда жазгы талаа жумуштары толугу менен аяктады. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов брифингде билдирди.

Анын айтымында, облус боюнча 38 миң 635 гектар жер айдалары пландалса, иш жүзүндө 39 миң 800 гектар жер айдалып бүттү.

"Быйыл ун азыктарына суроо-талап жогору болгондуктан буудай аянты жылдагыга караганда көбүрөөк эгилди. Алсак, 5 миң 812 гектар жерге буудай айдалып, мерчемделген аянттан 600 гектар жерге көп айдалды. Ошондой эле 18 миң 363 гектар арпа, 13 гектар таруу, 35 гектар жүгөрүү, 8 миңдей гектарга тоют өсүмдүктөрү, 6 миң 284 гектарга картошка жана 476 гектарга жашылча эгилди", - дейт Алымкулов.

Пикир

Оставить комментарий