• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстан менен Молдованын ТИМ башчылары телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 0

Бишкек, 27.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 27-майда Кыргызстан менен Молдованын тышкы иштер министрлери телефон аркылуу байланышып, кызматташтыкты талкуулашты. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелеринин чөйрөсү талкууланды.

Эки тараптуу саясий кызматташууну активдештирүүнүн алкагында министрлер алдыда боло турган иш-чаралардын, сапарлардын графигин, анын ичинде, 2020-жылы тышкы иштер министрликтеринин консультацияларын өткөрүү маселесин карап чыгышты.

Министрлер инвестициялык жана бизнес форумдарды уюштуруу жолу аркылуу соода-экономикалык кызматташтыкты жакшыртуу, ишкерлердин ортосундагы түз байланыштарды орнотуу, өз ара аракеттенүүнү предметтик талкуулоо үчүн экономикалык сапар миссияларын уюштуруу, анын ичинде, айыл чарбасында тажрыйба алмашуу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

Ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагындагы шайлоо иштеринде колдоо көрсөтүү маселеси боюнча пикир алмашышты.

Андан тышкары, министрлер COVID-19 пандемиясына байланышкан абалды, атап айтканда, коомдук саламаттыкты сактоо жана коронавирустук инфекциянын мындан ары жайылышына каршы күрөшүү боюнча эки өлкөнүн өкмөттөрү тарабынан көрүлүп жаткан чараларды талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий