• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ташкентте кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 24.05.23. /Кабар/. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев Өзбекстандын тышкы иштер министринин орун басары Бобур Усманов менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын жана өкмөт башчыларынын ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү, ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн жогорку деңгээлин колдоо боюнча мындан аркы биргелешкен чаралар талкуулашты.

Парламенттер аралык кызматташтыкты жана маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо маселелерине дагы өзүнчө көңүл бурулду.

Тараптар ошондой эле алдыда боло турган жогорку деңгээлдеги биргелешкен тышкы саясий иш-чаралар боюнча пикир алышты.

Пикир

Оставить комментарий