• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын сенатору менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 21.08.23. /Кабар/. Бүгүн, 21-августта тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын сенатору, Сенаттын улуттук коопсуздук жана өкмөт иштери боюнча комитетинин төрагасы Гэри Питерсти регионго башталган сапарынын алкагында кабыл алды.

КР тышкы саясий ведомствосунун маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар күн тартибиндеги актуалдуу маселелер жана эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн келечеги боюнча пикир алмашышты. Коопсуздук, санкцияларды алдын алуу, ошондой эле С5+1 механизминин алкагында кызматташуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйында Борбордук Азияда аймактык стабилдүүлүктү жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча биргелешкен ишти улантуу милдеттенмеси жарыяланды.

"Кыргыз тарап америкалык тарапка Сириядан кыргыз жарандарын алып келүүгө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык айтып, тиешелүү кызматташтыктын улана беришине ишенимин билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Сүйлөшүүнүн соңунда тараптар эки тараптуу кызматташуунун кеңири спектри боюнча диалогду улантууга өз ара ниеттерин ырасташты.

Пикир

Оставить комментарий