• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

БУУ Кыргызстандын туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруудагы ишин жогору баалады

Саясат 0

Бишкек, 07.12.23. /Кабар/. Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруудагы ишин жогору баалады. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.

БУУнун жасаган докладына ылайык, Кыргызстан 166 мамлекеттин ичинен 45-орунду ээлеп, туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу пайызы жогору 50 өлкөнүн катарына кирди.

Туруктуу өнүгүү максаттары – бул эл аралык коомчулуктун алдында турган жакынкы 15 жылда теңсиздик менен жакырчылыкты жоюу, социалдык интеграцияга жетишүү, глобалдык климаттын өзгөрүшүн токтотуу жана дүйнөнү куруу, мында биздин урпактардын татыктуу жашоосу үчүн ресурстардын жетиштүүлүгү болгон 17 максаттын жана 169 милдеттердин комплекси.

Максаттар туруктуу өнүгүүнүн үч негизги аспектисинен турган: экономикалык өсүштү, социалдык интеграцияны жана айлана чөйрөнү камтыган тең салмактуу прогрессти камсыздоого багытталган чараларды өзүнө камтыйт алар глобалдуу жана универсалдуу мүнөздө болушат, бирок локалдуу контекстин шарттарына жараша дифференциалдуу өзгөрүү мүмкүндүгүнө жол берет.

2015-жылдын 25-сентябрында БУУнун 193 мүчө-мамлекеттери туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча милдеттенмелерди алышкан. Бул чечим «Биздин дүйнөнүн кайра түзүлүшү: 2030-жылга чейинки мезгилде туруктуу өнүгүү жаатындагы күн тартиби» документинде бекитилген.

Пикир

Оставить комментарий