• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Күнүнө 25 тонна продукция өндүрөт. Бишкекте кагаз буюмдарын чыгаруучу ишкана ачылды

Өкмөт 0

Бишкек. 07.12.23. /Кабар/. Бишкекте “ИФА” ЖЧКнын санитардык-гигиеналык кагаз буюмдарын чыгаруучу жаңы өндүрүштүк ишкана ачылды. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Анда министрлер кабинетинин жетекчиси акыркы 5 жылда кагаздан жасалган буюмдарды Кыргызстанга импорттоонун көлөмү өскөнүн, үстүбүздөгү жылдын 9 айында эле 3,4 млн долларга 3,9 миң тонна санитардык-гигиеналык багыттагы кагаз продукциясы ташылып келингенин билдирди.

“Биз мындай экологиялык жактан таза жана жогорку суроо-талапка ээ продукцияларды чыгаруучу ишканаларды ачуу менен кагаз буюмдарына болгон импорттук көз карандылыктын деңгээлин төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн көрүп жатабыз”, - деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, санитардык-гигиеналык кагаз буюмдарын чыгарган заводду ачууга Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду менен “ИФА” ЖЧК ортосунда 3,2 млн долларга келишим түзүлгөн. Ишкана суткасына 25 тонна продукция өндүрөт, мында 125 адам жумуш менен камсыз болгон.

Акылбек Жапаров өз сөзүн жыйынтыктап жатып, бул долбоорду ишке ашыруу Россия менен соода-экономикалык мамилелер дагы бекемделээрин, анткени чийки заттын – макулатуранын 70%зы Россиядан алынарын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий