• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

М.Абулгазиев Сауд Өнүктүрүү Фондунун вице-президенти, башкаруучу директору Ибрагим Аль-Бассам менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 17-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн, 17-майда, Сауд Аравия Королдугунун Джидда шаарында өтүп жаткан Ислам Өнүктүрүү Банкынын 42-жыйынынын алкагында Сауд Өнүктүрүү Фондунун вице-президенти, башкаруучу директору Ибрагим Аль-Бассам менен жолукту. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жолугушууда айыл чарба, саламаттык сактоо жана ирригация тармагындагы бир катар маселелер талкууланды. Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев 2017-жылдын 11-12-июлунда Бишкек шаарында араб координациялык тобунун катышуусунда Үчүнчү Эл аралык жыйын өтө тургандыгын эске салды.

Жыйынтыгында Сауд Өнүктүрүү Фонду менен жалпы суммасы 80 млн АКШ долларын түзгөн 3 кредиттик макулдашууга кол коюлду. Макулдашуунун алкагында Бишкек шаарындагы балдар ооруканасын кеңейтүү долбооруна 30 млн АКШ доллары, мектептерди курууга 30 млн АКШ доллары жана «Түндүк-Түштүк» автожолун реконструкциялоого 20 млн АКШ доллары каралды.

Пикир

Оставить комментарий