• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Министрлер кабинетинин башчысы бир күндүк иш сапары менен Москвада болду

Өкмөт 0

Бишкек, 07.12.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 6-декабрында министрлер кбинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Москва шаарына (Россия Федерациясы) бир күндүк жумушчу сапары болду.

Москвада болгон учурунда ВДНХда өткөн «Россия» көргөзмө-форумунун алкагында Акылбек Жапаров Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары - Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын тең төрагасы Алексей Оверчук, менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, анын жүрүшүндө тараптар көп кырдуу кыргыз-орус кызматташтыгынын эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин жана маанилүү багыттар боюнча макулдашууларды, анын ичинде соода-экономикалык жана инвестициялык өз ара аракеттенүүнү камтыган бир катар иштерди талкуулашты.

Иш сапардын алкагында Акылбек Жапаров ошондой эле «Россия Сбербанкы» ААК Башкармалыгынын төрагасы Герман Греф менен жолугушуп, анда банк, каржы жана санариптик чөйрөлөрдө биргелешкен иштердин келечектүү багыттары талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий