• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарын облусунун 42 айылына таза суу киргизүүгө даярдык иштери башталды

Аймак 0

Бишкек, 25.05.18. /Кабар/. Нарын облусунун 42 айылына таза суу киргизүүгө даярдык иштери башталды. Бул тууралуу Азия өнүктүрүү банкынын өкүлү Лу Шин 2018-жылдын 23-майында Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов менен болгон жолугушууда билдирди.

Лу Шин айымдын айтымында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен түзүлгөн келишимдин негизинде өлкө боюнча таза сууга муктаж айылдардын тизмеси бекитилип, долбоор ишке кирүү алдында турат. Нарын облусу боюнча 42 айылда таза суу системасын киргизүү пландалууда. Биринчи кезекте ичүүчү суу менен камсыздоо системасы 20-30 жыл бою сапаттуу жана туруктуу кызмат көрсөтүүсү зарыл. Андыктан, бардык жагдайлар толук иликтөө менен таза сууга муктаж айылдардын абалы тууралуу маалымат топтолуп, сапаттуу курулушу үчүн тийиштүү чечимдер кабыл алынат. Даярдык иштерине бир жарым жыл керектелет. Калкты таза суу менен камсыздоо туруктуу жана өз алдынча болуусу шарт жана бир нече талаптар караларын билдирди. Айылдардын санитариясын көзөмөлдөп, саркынды сууларды чыгаруу тутумун жакшыртуу зарыл экенин билдирди.

А.Кайыпов АБРдин ичүүчү суу менен камсыздоо долбооруна теңиртоонун 42 айылы киргизилгенин калк кубануу менен кабыл алганын белгилеп, жеринде айыл абалы, шарты менен таанышуу максатында Нарын жергесине келгени үчүн долбоор жетекчиси Лу Шин айымга ыраазычылык билдирди. Облус башчы жергиликтүү бийлик долбоордун ишке ашырууда бардык жардамын берээрин айтып, долбоор мерчемделген убакта, 2023-жылга чейин, бүткөрүлөт деген ишеничте экенин айтты.

Ошондой эле тоолуу аймактын 135 айылынан тышкары, айыл макамын ала элек 10 айыл бар экенин маалымдап, кошумча түрүндө бул айылдарды дагы таза суу менен камсыздап берүү мүмкүнчүлүгүн карап берүүнү өтүндү. А.Кайыпов калк көйгөйүн чечүүдө АБР менен жергиликтүү бийлик жигердүү кызматташып, долбоор ийгиликтүү аяктоосуна тилектеш экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий