• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарын шаарында сел жүрдү: 15 турак үйдүн короосу кум-шагылдан тазаланды, жумуштар уланууда

Аймак 0

Бишкек, 04.06.20. /Кабар/. Кечээ, 3-июнь күнү Нарын шаарында болгон селдин кесепеттерин жоюу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Мнистрликтен белгилешкендей, 3-июнь күнү болжол менен саат 16:00дө нөшөрлөп жаап өткөн жамгырдын кесепетинен коктулардан келген сел суулары Чоң-Нарын каналынан ашып, Батыш, Алма-Бак, Ак-Коргон, Көтөрмө тилкелеринде жайгашкан жалпы 60 турак үйдүн короолорун, чарбалык курулуштарын жана унаа жолдорду каптаган. Жаратылыш кырсыгынан каза болгондор жана жабыр тарткандар жок.

“Министр Замирбек Аскаровдун тапшырмасына ылайык, жеринде кырдаалдын кесепеттерин жоюу жана тактоо иштерин жүргүзүү максатында министрликтин Нарын облусу боюнча башкармалыгынан ыкчам топ, жалпы 48 куткаруучу, 3 унаа, 3 мотопомпа жана Таза-Нарын ишканасынан 1 грейдер, 1 экскаватор, Суу канал ишканасынан 1 суу сордуруучу унаа, облустук жана райондук Жарандык коргонуу кызматтарынан 10 инженердик техника тартылган. Мындан сырткары министрликтин Нарын облусу боюнча башкармалыгынан 470 литр дизель майы бөлүнүп берилген”, - деп айтылат маалыматта.

Тартылган күчтөрдүн жардамы менен 15 турак үйдүн короо-жайлары кум-шагылдан тазаланган. Бүгүн, 4-июнь күнү селдин кесепеттерин жоюу иштери улантылат.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызгидромет туруксуз аба-ырайы тууралуу шашылыш билдирүү таратып, жаан-чачынга байланыштуу айрым аймактарда сел жүрүшү мүмкүн экенин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий