• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарын шаарында жашы жете электер арасында кылмыштуулуктун алдын алуу иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 05.02.22. /Кабар/. Кечээ, 4-февралда Нарын шаарынын аймагында жашы жете электер арасында кылмыштуулуктун алдын алуу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шаардын аймагында жашы жете электер арасында кылмыштуулуктун, зордук-зомбулуктун, жол кырсыктарын, топтошуп мушташуулардын, жашы жете электерге карата ырайымсыз мамилелерди болтурбоо максатында профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле Нарын шаарынын борбордук көчөсүндө каттаган маршруттук каттамдарга, троллейбустарга милиция кызматкерлери бөлүнүп, атайын эскертүүчү плакаттар ды илишип, керектүү маалыматтар камтылган китепчелер таратылып берилди.

Мындан тышкары Нарын шаарында автоунаанын каттамы көп болгондуктан, жол коопсуздугун алдын алуу жана болтурбоо үчүн ар бир орто мектептердин алдына жол кыймылынын камсыз кылуу бөлүмүнүн кызматкерлери жана балдар иштери боюнча инспекциясынын инспекторлору өздөрүнө тиешелүү мектептерге барып мектеп окуучуларынын коопсуздугун кароо менен жолдо жүрүү эрежелерин туура сактоо жол коопсуздугун алдын алуу багытында иш-чараларды уюштуруп, жеринде профилактикалык түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Пикир

Оставить комментарий