• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Нарын облусунун айылдарында төлөмдөрдү жыйноо кызматы санариптештирилет

Аймак 0

Бишкек, 06.09.23. /Кабар/. Нарын облусунун айылдарында төлөмдөрдү жыйноо кызматы санариптештирилет. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү кабарлайт.

Министрлер кабинетинин токтомунун алкагында облустун бардык айыл өкмөттөрүндө жайыт, ичүүчү суу, тазалык жана башка төлөмдөрдү чогултуу кызматы санариптештирилип жатат.

Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов төлөмдөрдү чогултуу боюнча алдыда чоң милдеттер турганын белгилеп, тиешелүү кызматкерлерге ыкчам аракеттерди көрүү тапшырмасын берди.

Айыл өкмөттөрүндөгү санариптик тутум бир жуманын ичинде ишке кирери күтүлүүдө.

Белгиленгендей, тутум ишке кирсе уюлдук телефондон мобилдик тиркемелер аркылуу төлөм жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Санарип тутумда ким төлөмдү убагында төлөгөнү, же кимдин карызы бар экени тууралуу жана башка толук маалыматтар болот.

Пикир

Оставить комментарий