• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Нарында ишкер мамлекетке 3 миллион сомдон ашык акча карыз болуп калды

Аймак 0

Бишкек, 01.08.18. /Кабар/. Нарын облусунда ири өлчөмдөгү салыкты төлөөдөн качуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан (ЭКККМК) билдиришти.

Маалыматка караганда, Свердлов району боюнча мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгында каттоодо турган жеке ишкер 2017-жылдан бери Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) курамындагы өлкөлөрдөн товар алып келген.

Камералык текшерүүнүн жыйынтыгында 3 миллион 730 миң сомго салык жана төлөмдөр эсептелип, ал мамлекеттик бюджетке зыян алып келгендиги аныкталган.

Аталган факт боюнча “Жеке ишкердин салыктарды жана милдеттүү камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөдөн качуусу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду

Учурда иликтөө иши жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий