• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарында коменданттык саатты бузгандыгы үчүн 6 жаран кармалды

Аймак 0

Бишкек, 27.04.20. /Кабар/. Нарында коменданттык саатты бузгандыгы үчүн 6 жаран кармалды. Бул тууралуу Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев билдирди.

Анын айтымында, сутка ичинде 12 кылмыш иши катталды.

"Коменданттык саатты Ат-Башы районунда 2, Нарын шаарында 4 жаран бузган. Алардын баары эркек. Ошондой эле Ат-Башыда документи жок жүргөн бир автоунаа айып короого киргизилген", - дейт ал.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий