• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарын мажбурлап никеге тургузууга каршы

Аймак 0

Бишкек, 13.10.17 /Кабар/. «Адам сатууга каршы күрөшүү 100 күндүк» акциясынын алкагында Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты тарабынан Нарын шаарындагы кыздар жатаканасында ала качуу жана анын кыз балдарга болгон таасирлери тууралуу жолугушуу өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Мажбурлап никеге тургузуу, эрте турмуш курган аялдар жана зордук-зомбулука туш болгон окуялары тууралуу документалдык тасмалар көрсөтүлдү. Андан соң катышуучуларга маалымат баракчалары таратылып, жолугушуу суроо-жооп иретинде уланды.

Аталган акцияны Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгы менен биргеликте 100 күндүн аралыгында республиканын 7 облусунда өткөрүү пландалган. Акциянын максаты - адамдарды мыйзамсыз алып кетүү, сатуу жана башка мыйзамсыз аракеттерге жол бербөө багытында калктын маалымдуулугун жогорулатуу.

Пикир

Оставить комментарий