• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарында милиция дайынсыз жоголгон 74 жаштагы пенсионерди издөөдө

Аймак 0

Бишкек, 03.06.21. /Кабар/. Нарында милиция дайынсыз жоголгон 74 жаштагы пенсионерди издөөдө.

Нарын облустук милициясынын билдирүүсүнө караганда, 2021-жылдын 29-майында Нарын шаарынын тургуну Данагүл Асаналиева болжол менен саат 19:00дө үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда.

Бул факты Нарын ШИИБнин маалыматты электрондук каттоо журналына катталып, ыкчам-издөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Өзгөчө белгилери: бою 150-155 см, чачы кыска ак, өңү кара тору, маңдайкы тиштери жок.

Кийген кийимдери: башында өңү жашыл түстөгү жоолук салынган, үстүндө агыш түстөгү күрмө, күрөң түстөгү көйнөк, бутунда өңү кара түстөгү маасы көлөч кийген.

Жогорудагы жаранды көргөн билгендер болсо, төмөнкү номерлерге билдирип коюңуздар: (03522) 5-18-04, 5-09-08, 0703 10-11-01

Пикир

Оставить комментарий