• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарында милиция көчмө кабылдама менен шайлоого карата профилактикалык иштерди жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 08.01.21./Кабар/. 2021-жылдын 10-январь күнү өтө турган президенттик шайлоо жана референдумга байланыштуу Нарын ОИИБнин шаар, райондук ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамына шайлоого байланышкан укук бузуу, кылмыштар боюнча ыкчам маалымат чогултуу, аларды алдын алуу боюнча тапшырмалар, багыттамалар берилип, облус аймагында коомдук саясий кырдаал көзөмөлдөнүүдө. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шайлоо өнөктүгүнө даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде коомдук коопсуздукту сактоо боюнча шайлоо тилкелерине тартылуучу милиция кызматкерлери менен биргеликте, шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө коомдук тартипти коопсуздукту камсыз кылуу максатында Нарын облусунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана элдик кошуундар тартылды.

Ошондой эле жергиликтүү тургундарга профилактикалык түшүндүрүү иштерди тынымсыз жүргүзүлүп жатат.

Бүгүнкү күндө облус аймагында коомдук саясий кырдаал туруктуу.

Пикир

Оставить комментарий