• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Нарындын облус башчысы: «Түндүк-Түштүк» альтернативдик жолунда иштеген курулушчулар ишин баштады

Аймак 0

Бишкек 04.05.20. /Кабар/. Нарын облусунун аймагы аркылуу өтчү «Түндүк-Түштүк» альтернативдик жолунда иштеген курулушчулар ишин баштады. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов билдирди.

Анын айтуусуна караганда, 1-майдан тартып облус боюнча бир катар ишканалар ишин жанданткан.

«1-майдан баштап текстиль жана эмерек өнөр жайлары, курулуш материалдарын өндүрүү жана өнөр жай жана өндүрүштүн түрлөрү, курулуш объектилери, таза суу жабдуулары, жол тармагындагы подряддык иштер башталды. Ушул жерден токтолуп кетүүчү жагдай, Нарын облусунун аймагы аркылуу өтчү «Түндүк-Түштүк» альтернативдик жолунда иштеген курулушчулар ишин баштады. Курулушчулардын баарын текшерип, анализдерди алдык», - дейт ал.

Алымкулов кошумчалагандай, ошондой эле тоо-кен өнөр жай тармагы да ишке кирди.

«Көмүр өндүрүү жана башка тоо-кен тармагында иштегендердин баарын текшерип, анализдер алынды. Андан тышкары, курулуш менен кошо аткарылуучу жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөргө уруксат берилди. Транспорт каражаттарын тейлөө, оңдоочу жайлардын баарына иштөөгө уруксат берилди. Интернет дүкөндөр, товарларды жеткирүү, жашылча базарлар, көчөттөрдү сатуу, бут кийим оңдоо, өзүнчө жайгашкан чач тарач жайлары жана башкаларга иштөөгө уруксат берилди», - дейт ал.

Өкүл кошумчалагандай, айрым чектөөлөр дагы деле күчүндө, алсак, базар жана азык-түлүк саткан дүкөндөр саат 2ге чейин гана иштеп жатат.

Белгилей кетсек, 4-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 830га жетти. Алардын ичинен 216сы медицина кызматкери. Илдеттен 575 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 10 адам каза болду.

Нарын облусу боюнча коронавирус жуккан 98 бейтаптын 78и айыгып чыккан.

Эске салсак, эпидемиологиялык кырдаалды эске алып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Нарын областынын Ат-Башы районунда өзгөчө абалдын мөөнөтү 10-майга чейин узартылды. Калган аймактарда өзгөчө абалдын шарты токтотулуп, өзгөчө кырдаал режими күчүндө калтырылды.

Өкмөт COVID-19 вирусунун кесепетинен улам келип чыккан кыйынчылыктарды жеңүү максатында жана экономикалык зыянды азайтуу үчүн экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун этаптуу жол-жобосу иштелип чыкты. Ага ылайык, 1-майдан тартып айрымдары өз иштерин кайрадан баштады.

Пикир

Оставить комментарий