• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Назарбаев Атамбаевди жана кыргызстандыктарды Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 31.08.17 /Кабар/. Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Көз карандысыздык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Тарыхый кыска мезгилдин аралыгында Кыргызстан ыкчам өнүгүп келаткан өлкө катары эл аралык коомчулуктун кадыр-барктуу мүчөсү болуп калды.

Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук өз ара мамилелер элдерибиздин кызыкчылыгында мындан ары дагы чыңдалып жана өнүгө берет деп терең ишенем”, -деп белгиленет куттуктоо телеграммада

Президент Нурсултан Назарбаев Президент Алмазбек Атамбаевге чың ден соолук, жооптуу ишине ийгиликтерди, ал эми кыргыз элине – тынчтык жана бакубатчылык каалады.

Пикир

Оставить комментарий