• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Трамп Кыргызстан президентин жана элин Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 31.08.17 /Кабар/. Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Дональд Трамп Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Көз карандысыздык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

“Кошмо Штаттар өз ара ишенимдин, теңчиликтин жана урматтоонун негизиндеги мамилелерге берилгендигин ырастайт. Алдыдагы президенттик шайлоолорго байланыштуу Кыргыз Республикасында аймакта биринчи болуп демократиялуу жол менен шайланган лидерге бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүү боюнча тарыхый мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Биз эки элдин ортосундагы байланыштарды чыңдап, аймактык алаканы жакшыртуу максатында кызматташып, өлкөлөрүбүздүн жыргалчылыгы үчүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү арттырууга өбөлгө түзүү иштерин улантабыз деп ишенебиз”, -деп белгиленет АКШ Президентинин куттуктоосунда.

Пикир

Оставить комментарий