• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Назарбаев ЕАЭБ премьер-министрлери менен жолукту

ЕАЭБ 0

АСТАНА, 14.08.17 /Салтанат Абдраева - Кабар/. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев ЕАЭБдин өкмөт башчылары менен Астанадагы казак президентинин сарайында жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Назарбаев жана ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин катышуучулары Евразия интеграциясынын актуалдуу суроолорун жана ЕАЭБдин алкагында чече турган тапшырмаларды талкуулашты.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Евразия экономикалык бирикмеси үч жылдан бери иштеп жатканын айтып, бул жылдары дүйнөлүк экономикада оор кырдаалга туш келип, өз кезегинде ал ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикасына таасирин тийгизди.

“ЕАЭБдин өнүгүшүнүн негизги фактору жалпы базарды, бирдиктүү экономикалык структураны түптөө болуп эсептелет. Интеграциялык биримдик мамлекеттеринде экономиканын өсүшү биргелешкен соода жүгүртүүнү жогорулатат. Азыр биздин алдыбызда мамлекеттердин мамилесин бекемдөө тапшырмасы турат. Бүгүнкү ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңеши конструктивдүү өтүп, уюмдун андан ары өнүгүшүнө салым кошот деп ишенем”,- деди президент Нурсултан Назарбаев.

Жолугушууда Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Армениянын өкмөт башчысы - Карен Карапетян, белорусияныкы - Андрей Кобяков, Казакстандыкы - Бакытжан Сагинтаев, Россияныкыи - Дмитрий Медведев ошондой эле, ЕАЭБ коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян катышты.

Эскерте кетсек, премьер министр Сооронбай Жээнбеков эки күндүк жумушчу сапары менен Казакстанда жүрөт. Сапардын алкагында өкмөт башчы ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн бир катар өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Пикир

Оставить комментарий