• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Welt: БУУнун санкцияларына карабастан Иран Орусияга курал-жарак жеткирген

Дүйнө 0

БИШКЕК, 14.08.17 /Кабар/. БУУнун Коопсуздук кеңешинин санкцияларына карабастан Иран Орусияга оор курал-жарактардын компоненттерин жеткирген. Бул тууралуу Welt am Sonntag басылмасы батыш атайын кызматтарындагы булактарына шилтеме кылып билдирди. Иран куралдарынын Орусияга Сирия аркылуу жеткирилгени айтылууда.

Басылманын маалыматына караганда, июнда Ирандын эки учагы Сириядагы Орусиянын авиациясы жайгашкан Хмеймимге конгон. Алар андан ары Орусияга жеткирүү үчүн оор куралдардын компоненттерин алып барышкан. Андан соң компоненттер жүк унаалары менен Жер Ортолук деңиздеги Тартус портуна жеткен. Ал жактан Иран курал-жарагы Орусиянын «Спарта III» кемеси менен Новороссийск аймагына жеткирилген.

Welt am Sonntag Твиттердеги расмий баракчасына сүрөт жайгаштырып, анда Ирандын Хмеймимдеги учагы тартылганын билдирүүдө. Ошол эле маалда сүрөттүн качан тартылгандыгы тууралуу эч кандай маалымат жазылган эмес.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий