• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Некролог - Белгилүү режиссер Камат Касенов 43 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 17.06.20. /Кабар/. Кыргыз маданияты орду толгус чоң жоготууга учурады.

2020-жылдын 16-июнунда кыргыз театр жана кино искусствосунун өнүгүп-өсүшүнө барандуу салымын кошкон, белгилүү режиссер Камат Касенов 43 жаш курагында күтүүсүздөн жарык дүйнө менен кош айтышты.

Камат Кадырбекович Касенов 1977-жылы 19-мартта Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Телман айылында туулган.

Орто мектепти аяктагандан кийин 1997-жылы Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайга кирип, аны 2000-жылы бүтүрүп чыгат. 2000-2005-жылдары Кыргыз мамлекеттик Б.Бейшеналиева атындагы мамлекеттик искусство институтунда “драманын режиссеру” адистигин бүтүрүп чыгат. 2005-2007-жылдары Ташкент шаарындагы “ИЛХОМ” аталган Борбордук Азиянын жаш режиссерлор лабораториясында Марк Вайлдын өнөрканасында билимин тереңдеткен.

2007-2013-жылдары Б.Кыдыкеева атындагы жаштар театрында башкы режиссер жана С.Ибраимов атындагы Ош улуттук кыргыз драма театрынын көркөм жетекчиси болуп эмгектенген. 2013-жылдан тартып, өмүрүнүн акырына чейин Казак Республикасынын Жамбыл облусунун Тараз шаарындагы орус драма театрында көркөм жетекчи катары кызмат өтөп келди. Ошол эле жылдар арасында Тараз акимиатынын аппаратында чыгармачылык тармагын жетектеген.

Ал өзүнүн чыгармачылык жолунда Борбордук Азия боюнча 40тан ашуун ар-түркүн жанрдагы чыгармаларды сахналаштырып, коомго жана инсанга карата болгон орчундуу маселелер, курч көйгөйлөргө байланышкан ар-тараптуу окуяларды кылдат изилдеп, каармандардын түпкү тамырын ачуу үчүн өтө изденип, чыгармалардын идеялык маңызын интерпретациялап, ача билген талант эле.

Алсак: Ч. Айтматовдун “Кызыл алма”, “Деңиз бойлоп жүгүргөн ала дөбөт”, “Биринчи мугалим”, “Жамийла”, М. Байжиевдин “Экөө”, “Ким күнөлүү”, С. Раевдин “Таажы”, “Барсбек”, “Адам” М. Тойбаевдин “Манап бий”, Ж. Кулмамбетовдун “Алай жолборсу” Жума Куддустун “Падышанын оюну” У. Шекспирдин “Гамлет” Э. Ольбинин “Үч узун аял”, ж. б. у. с. көптөгөн кыргыздын жана чет өлкөлүк драматургдардын заманбап жана классикалык чыгармаларын театрларда сахналаштырып алгылыктуу ийгиликтерге жетишип, бир нече сыйлыктардын ээси жана эл аралык фестивалдардын жеңүүчүсү болгон. Ошондой эле ал бир нече көркөм фильмдерди тартуу менен да талантын сынап көрүп, ийгиликтерди жарата алган.

Чыгаан режиссер Камат Кадырбекович Касеновдун жаркын элеси чыгармачыл инсандардын эсинде түбөлүккө сактала бермекчи.

Маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

А.К.Жаманкулов, К.О.Иманалиев, М.А.Бектеналиев, Г.Р.Черикбаева, Ж.О.Кулмамбетов, С.А.Раев,Б.Жакиев, М.Т.Байжиев, М.С.Шаршенбаев, М.М.Чотонов, Ж.Сейдахматова, Н.И.Мамбетова, М.У.Алышпаев, Э.Бекболиев, З.М.Сооронбаев, А.А.Абдыкалыков, Г.К.Каниметова, М. Шарафитдинов, Р.Асанов, Г.А. Ажибекова, А. Шабданова А.А. Өзүбеков, Е.Ю. Кузнецов, Т.К. Сманбеков, О. Б. Айдаров, Ш.А. Шаршеев, Ш. А. Бекташев, А.А. Абдуразаков, А. С.Т.Берикбаев, А. Алыбаев, Т.Апиев, А.А.Текешов, Ж.Ж. Аманкулов, К.Б.Абдрахманов, А.Д. Исаков, М.М. Бердишев, Н.Ж. Абдыкадыров, Н.Асанбеков, А.М. Жангазиев, Т.Жумагазиев.

Пикир

Оставить комментарий