• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Некролог — КРнын Улуттук илимдер академиясынын академиги Валерий Живоглядов дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 30.06.20. /Кабар/. 2020-жылдын 29-июнунда узакка созулган оорудан кийин 82 жашында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, профессор, техника илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, илим жана техника жаатындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Валерий Петрович Живоглядов дүйнөдөн кайтты.

Валерий Петрович 1938-жылдын 25-августунда Кыргыз ССРинин Чүй облусундагы Кара-Балта шаарында төрөлгөн. 1960-жылы Фрунзедеги политехникалык институтту артыкчылык менен аяктап, инженер-электрик квалификациясына ээ болгон.

Валерий Живоглядов — 1960-жылдары Советтер Союзунда маалыматты топтоо жана дуалдык касиеттер менен автоматтык системаларга теориялык изилдөөлөрдү биринчилерден болуп жүргүзүп баштаган адамдардын бири. 1965-жылы кандидаттык диссертациясын, ал эми 1974-жылы — докторлук диссертациясын ийгиликтүү жактаган. Ал маалыматтык технологияларга жана башкаруу системасына, дуалдык башкаруу жана системаларды идентификациялоонун теориясына, системаларды көп критерийлүү оптимизациялоого жана адаптациялоого, билимдердин электрондук менеджментине, технологиялык процесстерди жана өндүрүштөрдү башкаруунун компьютердик системаларына чоң салым кошкон.

Валерий Петровичтин негизги кесиптик ишмердүүлүгү жогорку билим берүү жана илим менен ар дайым байланышта болгон. Өзүнүн эмгек жолун Фрунзедеги политехникалык институтунда (1960-1962-жж.) ассистент кызматынан баштаган, директордун орун басары, Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Автоматика институтунун бөлүм башчысы (1965-1987), Кыргыз ССР Илимдер академиясынын башкы окумуштуулар катчысы (1987-1993-жж.), КЭУнун жаңы маалыматтык технологиялар мектебинин деканы (1993-1997-жж.), КУУнун маалыматтык технологиялар жана интернет факультетинин деканы (1997-2003-жж.), Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин компьютердик инженерия кафедрасынын башчысы (2003-2006-жж.) кызматтарында эмгектенген, 2006-жылдан тартып Электрондук менеджмент жана окуулар борборунун директору, Кыргыз-Россия славян университетинин ректорунун кеңешчиси кызматтарын ээлеген.

В. П. Живоглядов 10 китептин, 5 ойлоп табуунун жана эл аралык конференциялар менен конгресстердин илимий эмгектеринде 290дон ашуун макаланын жана басылмалардын автору жана авторлошу болуп саналат. Илимдин 20 кандидатын, илимдин 3 докторун жана көптөгөн сандагы инженерлерди, бакалаврлар менен магистрлерди даярдоону жетектеген.

Эл менен мамлекеттин астында сиңирген эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын «Данакер» ордени, Кыргыз Республикасынын «Даңк» медалы (1999), СССРдин медалдары (1970, 1988) менен сыйланган.

1993-жылы илимдин өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн «Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер» наамы ыйгарылган. 2002-жылы В. П. Живоглядов илим жана техника жаатында КР Мамлекеттик премиясынын лауреаты болгон.

Валерий Живоглядов туугандары менен жакындарынын элесинде ар дайым кала берет. Үй-бүлөсүнө, балдарына, неберелерине жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

С. Ш. Жээнбеков, Д. А. Жумабеков, К. А. Боронов, А. И. Исмаилова, Д. А. Эсеналиев, Г. С. Молдобекова, Н. В. Никитенко, А. Э. Самигуллина, Е. Г. Строкова, К. А. Исаков, К. Б. Базарбаев, Ж. У. Саралаева, М. С. Жуматаев, О. А. Тогусаков, В. И. Нифадьев, К. И. Исаков, Л. Ч. Сыдыкова, В. М. Лелевкин, Я. А. Павлов, Л. И. Сумароков, А. Г. Зарифьян.

Пикир

Оставить комментарий