• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Некролог — Токой кызматынын директорунун орун басары Азамат Эркебаев дүйнөдөн кайтты

Өкмөт 0

Бишкек, 05.04.22./Кабар/. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматы орду толгус чоң жоготууга учурады.

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматынын директорунун орун басары Эркебаев Азамат Төлөнович 48 жаш курагында, көпкө созулган оорудан кийин мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Ал эмгек жолун 1999-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматында баштаган. Андан соң Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинде, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинде жетекчилик кызматтарды аркалаган.

2016-жылдан бери ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинде статс-катчы, директордун орун басары кызматтарында эмгектенип, токой чарбасын өнүктүрүүгө зор салымын кошту.

Азамат Төлөновичтин мамлекеттик жарандык кызматтагы ак эмгеги бааланып, ага бир катар ведомстволук сыйлыктар ыйгарылган.

Эркебаев Азамат Төлөнович Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын 3-класстагы мамлекеттик кеӊешчиси.

Анын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат. Маркумдун үй-бүлөсүнө жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

А.О.Кожошев, Б.Э.Төрөбаев, А.С.Жаныбеков, А.К.Мадумаров, У.З.Ормонов, А.А.Карашев, С.А.Келдибаев, Р.А.Сабиров, З.И.Жамалдинов, А.М.Жумаев, А.К.Эргешов, Э.А.Шерматов, А.М.Мадмаров, Т.Ж.Абжапаров, М.С.Раматов, А.М.Мусаев, А.А.Жунусов, А.М.Бурханов

Пикир

Оставить комментарий