• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ноокат районунда дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө – фото

Аймак 0

Бишкек, 20.03.20. /Кабар/. Ноокат районунун (Ош облусу) эки айыл өкмөтүндө дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рыспаев билдирди.

Анын айтымында, дезинфекциялоо иштери Жаңы-Ноокат жана Зулпуев айылдарында жүргүзүлүүдө. Андан тышкары, унаалар да дезинфекцияланып жатат.

"Бардык посттордо биздин кызматкерлер туруп, дезинфекция жүргүзүүдө", - деди ал.

Эскерте кетсек, 18-март күнү Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы 3 учур Сузак районунда (Жалал-Абад облусу) катталган. Алар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан учуп келишкен. Коронавирус аныкталгандан кийин Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген.

Ошондой эле бүгүн, 20-март күнү өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Ноокат районунда коронавирусту жуктурган дагы үч учур катталганын билдирди. Алар Сауд Арабиясынан кичи ажылыктан учуп келишкен. Мындан улам Ноокатта өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Учурда Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын саны алты кишиге жетти.

Пикир

Оставить комментарий