• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ноокен райондук "Унаа" мекемесинин аймактык секторунун башчысы кармалды

Коом 0

Бишкек, 10.04.21. /Кабар/. Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын "Унаа" мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун регионалдык сектор башчысы «О.М.А» кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 9-апрелинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Абхазия Республикасынан алынып келинген бажы декларациясынан өтпөгөн, мыйзамсыз катталган кымбат баалуу автоунаалар боюнча коррупциялык схеманын бети ачылып, ага бөгөт коюлду.

Такталгандай, Россия Федерациясынын транзиттик каттоо документтеринин негизинде КРнын техникалык паспорттору жана мамлекеттик номурлары берилген эки «Лексус GX» үлгүсүндөгү унаасы катталганы аныкталды.

Натыйжада, мамлекетке бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу менен 3 миллион сомдон ашык чыгым келтирилгендиги аныкталды.

Аталган иштин алкагында кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын "Унаа" мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун регионалдык сектор башчысы «О.М.А» кармалды.

Учурда УКМК тарабынан иштин бардык жагдайларын жана бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий