• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ноокен жана Базар-Коргондо милиция тарабынан профилактикалык иштер жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 14.02.22. /Кабар/. Ноокен районунун Бирдик айылында жана Базар-Коргон районунун Могол-Коргон айылында милиция жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анда буга чейин орун алган жаш өспүрүмдөрдүн топтошуп мушташуусуна карата түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Милиция кызматкерлери ата-энелерди балдарына татыктуу тарбия берүүгө жана жүрүм-турумуна ар дайым көзөмөл салууга чакырышты. Мектеп окуучуларынын лидерлик маселесине бөгөт коюуда биргеликте кызматташуу зарылдыгы белгиленди. Коомдогу терс көрүнүштөрдүн алдын алууда кайдыгер карабастан милиция менен тыгыз байланышта болуу керектиги айтылды.

Ал эми мектеп окуучулары менен өзүнчө жыйындар өткөрүлүп, алар менен маектешүүлөр орун алды. Жаш өспүрүмдөргө кылмыштуулуктун арты жакшылык менен аяктабай тургандыгы эскертилип, өткөн окуядан сабак алуу зарылдыгы жеткирилди. Туура эмес көрүнүштөргө күбө болгон учурда ойлонбостон милицияга кабар берүүгө чакырышты.

Облустук милициядан кошумчалашкандай, бул сыяктуу профилактикалык жумуштар аталган райондордун башка айылдарында дагы улантылды.

Пикир

Оставить комментарий