• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ноокендин Кызыл-Кыргызстан айылында жаңы мечит пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 29.08.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Кызыл-Кыргызстан айылында «Жолдош-Ата» мечити пайдаланууга берилди. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мечит Сауд Аравия Падышалыгындагы ишкер Мухаммад Саид тарабынан курулган.

Ишч-арага баш-имам хатиб Тынчтыкбек ажы Шаиков, Сакалды айыл аймагынын башчысынын орун басары Элбек Исмаилов жана аксакалдар, жергиликтүү тургундар катышты.

Заманбап мечиттин ачылыш салтанатына келген айыл тургундары мечит ыймандын очогу, жаштардын адеп-ахлагын оңдоого салым кошоруна тилектештигин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий