• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Новосибирсктеги өрттөн эки кыргызстандык каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 04.01.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Новосибирск облусундагы (Россия) бут кийим кампасында чыккан өрттөн 10 адам каза болду, алардын экөө кыргызстандык. Бул тууралуу РИА новости аймактын ыкчам кызматынын маалыматына таянып билдирет.

ММКнын маалыматына ылайык, өрт тууралуу маалымат ӨКМ кызматына жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00дө келип түшкөн.

Булактардын маалыматына караганда, каза болгондордун арасында жетөө Кытайдын, экөө Кыргызстандын жана бирөө Россиянын жарандары. Учурда кырсык болгон жерде атайын кызматтар жана тергөөчүлөр иш алып барышууда.

Учурда электр зымдарынын тийишип калышы өрттүн келип чыгышына себеп болушу мүмкүн экени айтылууда.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.

Пикир

Оставить комментарий