• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нургазы Асангулов Азия чемпионатында коло медаль алды

Спорт 0


Бишкек, 13-май /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Нургазы Асангулов 71 кг чейинки салмак категориясында Азия чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча коло медаль алды. Бул тууралуу КР күрөш федерациясы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, күрөш боюнча Азия чемпионатынын экинчи күнүндө Кыргызстандын курама командасынын эсебине дагы бир коло байге кошулуп, грек-рим күрөшү боюнча курам чемпиинатка катышуусун жыйынтыктайт.

Н.Асангулов 3-орун үчүн алышта 8:1 эсебинде Индиянын спортчусу Дипак Дипакты жеңген.

Эскерте кетсек, биринчиликтин алгачкы күнүндө Самат Шырдаков 80 кг чейинки салмак категориясында коло медаль алган.

Пикир

Оставить комментарий