• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Оюн бүттү. Жапаровдун дубли Кыргызстандын курамасын жеңилүүдөн сактап калды

Спорт 0


Бишкек, 30.08.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Кыргызстан менен КМШ өлкөлөрүнүн ардагерлеринин футболдук беттеши өттү.

Өлкөнүн көз карандысыздыгынын 31 жылдыгына карата уюштурулган футболдук беттеш борбор калаадагы Д.Өмүрзаков атындагы стадионунда жүрдү.

Оюндун 5-мүнөтүндө Кыргызстандын курамасынын чабуулчусу Садыр Жапаров гол киргизип, эсепти ачты. Ал эми 26-мүнөтүндө КМШнын командасынын оюнчусу Никита Баженов эсепти 1:1ге өзгөрткөнгө жетишти. Биринчи тайм тең чыгуу менен аяктады.

Экинчи тамдын 37-мүнөтүндө КМШнын курамасынын оюнчусу Андрей Тихонов бир гол киргизсе, 42-мүнөттө Дмитрий Аленичев эсепти 3:1ге айлантты. Оюндун 45-мүнөтүндө кыргызстандык футболчу Айбек Бокоев гол жаратты.

Беттештин акыркы мүнөттөрүндө Садыр Жапаров эсепти 3:3кө өзгөрттү. Оюн тең чыгуу менен бүттү.

Кыргызстан менен КМШ өлкөлөрүнүн ардагерлеринин беттешинин өзгөчөлүгү болуп, оюн 30 мүнөттөн эки таймда өттү.

Белгилей кетсек, оюн "Город 312" тобунун концерти менен уланууда. Алар футбол ардагерлеринин оюнунун тыныгуусунда дагы кыргызстандыктарды жана футбол сүйүүчүлөрдү келе жаткан эгемендүүлүк майрамы менен куттуктап, концерт тартуулашкан.

Пикир

Оставить комментарий