• 88.68
  • 95
  • 0.95

Пара Азия оюндарынын медалисттери жеңиши тууралуу: Бир кезде бул кыял болчу

Спорт 0

Бишкек, 01.11.23. /Кабар/. "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында IV Пара Азия оюндарынын жеңүүчүлөрү Жалалдин Абдувалиев менен Гүлназ Жүзбаева жеңиштери тууралуу айтып беришти.

Атлетчи Жалалдин Абдувалиевдин айтымында, бул жеңиш спортчулардын, машыктыруучулар курамынын жана коштоп жүрүүчүлөрдүн биргелешкен күчү менен жетишилди.

"Биздин машыктыруучубуз окутуп менен чогуу окуп, тажрыйба топтоду. Алгачкы этапта ал биз менен бардык стандарттарды аткарды. Күндөрдүн биринде бизге келип, жыйынтыкка жетиш үчүн кандай даярдыктан өтүшүбүз керектигин түшүнгөнүн айтты", - деди ал.

Спортчу алгач алтын медаль алам деп күтүп жүргөнүн, бирок жагдай башкача болуп кеткенин кошумчалады.

Өз кезегинде Гүлназ Жүзбаева сынактын масштабын ал жерге келгенге чейин түшүнбөгөнүн айтты. "Бул бир кезде кыял болчу, бирок бүгүн биз Паралимпиаданын медалчыларыбыз. Эми биздин максатыбыз Париждеги Олимпиада", - деп белгиледи спортчу.

Пикир

Оставить комментарий