• 88.68
  • 95
  • 0.95

Футболдук беттеш: Бишкекте "Город 312" тобунун концерти өтүүдө — видео

Спорт 0


Бишкек, 30.08.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкекте Кыргызстан менен КМШ өлкөлөрүнүн ардагерлеринин футболдук беттешинин алкагында "Город 312" тобунун концерти өтүүдө.

Алар Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп жаткан футбол ардагерлеринин оюнунун тыныгуусунда кыргызстандыктарды жана футбол сүйүүчүлөрдү келе жаткан эгемендүүлүк майрамы менен куттуктап, концерт тартуулашууда.

Эскерте кетсек, бүгүн, 29-августта Бишкек шаарына “Город 312” тобу учуп келген.

Футболдук беттеш Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 31 жылдыгына карата уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий