• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров жаштарды спорт менен активдүү машыгууга чакырды

Президент 0

Бишкек, 30.08.22./Кабар/. “Өзүбүздүн мамлекеттүүлүк тарыхыбызга ээ болуу менен, жүз жылдык чекти басып өткөн улуттук футболдун да тарыхы бар экендиги кубандырат”, - деди президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-августта, Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 31 жылдыгына карата кыргыз футболунун ардагерлеринин курамасы жана советтик футболдун ардагерлеринин курамасынын ортосундагы жолдошттук беттешти ачып жатып.

Садыр Жапаров Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болуу менен көптөгөн оош-кыйыш мезгилдерди башынан өткөргөнүн, ошентсе да бүгүнкү күндө өлкө өнүгүү жолуна түшүп, бир катар ийгиликтерге жетип жатканын белгиледи.

“Заман шарттарына ылайык, жасалып жаткан күч-аракеттердин негизинде ири долбоорлор ишке ашырылып, дагы бир топ иш-пландарыбыз алдыда турат.

Өлкөнүн башка тармактары менен катар эле спорт тармагы дагы мамлекеттин колдоосуна ээ болуп, өз натыйжаларын берип баштаган убак.

Спорттун түрлөрүнүн ичинен кыргыз футболу өзүнүн жүз жылдан ашуун тарыхы менен белгилүү. Ошол бир кылымдык мезгилди башынан өткөргөн кыргыз футболу бүгүнкү күндө көптөгөн кыргызстандыктардын сүйүктүү спортуна айланды.

Мындай ийгиликтерге 100 жылдан ашуун тарыхында футболду өнүктүрүүгө салым кошкон инсадар менен футболго өмүрүн арнаган спортчуларыбыздын салымын баса белгилей кетишибиз абзел.

Алардын катарында бүгүнкү мелдеште ойной турган ата мекендик футболчуларыбыз да бар. Муна ушул агаларыбыздын спорттун бул түрүнө берилип, ар кандай кырдаалдарга карабастан, футбол үчүн күйүп-бышып, кийинки муундардын футболго болгон кызыгуусун арттырууга кошкон опол тоодой ишмердиктери үчүн ыраазычылык билдирем”, - деди президент.

Садыр Жапаров ардагерлердин талбаган эмгегинин натыйжасында бүгүнкү күндө кыргыз футболу коомчулукка кеңири жайылып, региондо ийгиликтерди жаратып келе жатканын белгиледи.

“Футбол боюнча улуттук курама командабыз экинчи ирет Азия Кубогуна чыгып олтурат. Албетте, мына бүгүнкү футболдук иш-чарага келген күйөрмандар менен бирге биз дагы курама командабыздын албан-албан ийгиликтерди жаратарына ишеним артабыз.

Спортчуларыбыз болсо ар-намыс, ариетти туу тутуп, футбол баалуулуктарын эске алуу менен өздөрүн өркүндөтүп-өстүрүүнүн үстүндө иштеп жатканына үмүтүм чоң.

Ал эми бүгүнкү иш-чарабыз – Кыргызстандын футбол боюнча ардагерлеринин курама командасы менен мурдагы СССР өлкөлөрүнүн ардагерлеринин курама командасынын беттеши футбол тарыхындагы орчундуу окуя болуп саналат. Биз сүйүктүү борбор шаарыбыз Бишкекте футбол ардагерлерин кабыл алып жатканыбызга кубанычтабыз. Себеби бул эки командада тең жеке эле КМШ мейкиндигине эмес, Азия, Европага аттары кеңири таанымал, легендага айланган футболчулар ойногону турушат”, - деп белгиледи мамлекет башчысы.

Президент бүгүнкү ардагерлердин мелдеши мамлекеттер аралык байланыштарды бекемдөөгө, спорт жаатында кызматташууну арттырууга, дегеле, жаштар арасында футболду даңазалоо менен сергек жашоо образын түзүүгө чоң түрткү болуп берет деп ишенимдүү айта аларын белгиледи.

“Мындан туура 38 жыл мурун, 1984-жылы мен ушул стадиондо “Алга” командасына күйөрман болуп келгем. Бала кезимде футбол күйөрманы болчумун. Мен СССРдин курама командасына жан тартар элем. Тагдыр бүгүн бизди футбол легендалары менен жолугуштурууда. Бул мен үчүн чоң сыймык”, - деп белгиледи президент.

Президент Садыр Жапаров жаштарды спорт менен активдүү машыгууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий