• 88.68
  • 95
  • 0.95

КР мушкерлери жаштар арасындагы Азия чемпионатына катышат

Спорт 0

Бишкек, 17.04.18. /Кабар/. Кыргызстандык мушкерлер Таиландда өтө турган жаштар арасындагы Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу Мамлекеттик жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агентигинен кабарлашты.

Чемпионат Бангкок шаарында 19нан 28-апрель күндөрү өтөт. Жеңиш үчүн 30 өлкөдөн чогулган 17-18 жаштагы спортчулар катышат.

Медалдардан тышкары 2018-өспүрүмдөр арасында өтө турган олимпиада оюндарына уруксат кагаздар ойнотулат.

Кыргызстандын атынан барган спортчулар: Умар Кубанычбек уулу (60кг), Ильгиз Матмусаев (64 кг), Нурадин Рустамбек уулу (69 кг), Ахмед Усупов (+91 кг). Ага машыктыруучу Кенжебек Акельбаев.

Курама спорттун олимпиада түрү боюнча дирекциясынан каржыланат. Дирекциянын бюджетинен 555 миң сом каралган.

Пикир

Оставить комментарий