• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда октябрь айында коронавирус 110 окуучудан аныкталды

COVID - 19 0

Бишкек, 20.10.20. /Кабар/. Октябрь айында коронавирус 110 мектеп окуучусунан аныкталды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө абал кооптуу бойдон калууда.

"Сентябрь айында 34 окуучу коронавируска кабылса, октябрь айында 3 эсеге өскөн. Илдет 110 мектеп окуучусунан табылды. Эпидкырдаалга байланыштуу окуучулар 1-чейректин онлайн режимде бүтүрөт", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий