• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Коронавирус акыркы суткада дагы 384 адамдан аныкталып, 2 адам каза болду - Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 20.10.20. /Кабар/. Коронавирус акыркы суткада дагы 384 адамдан аныкталып, 2 адам кайтыш болду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте - 42, Ош шаарында - 67, Чүй облусунда - 27, Ош облусунда - 52, Талас облусунда - 6, Ысык-Көл облусунда - 15, Жалал-Абад облусунда - 57, Баткен облусунда - 118 адам илдетке кабылды.

Ал эми акыркы бир күндө Бишкекте - 37, Ош шаарында - 20, Чүй облусунда - 20, Ош облусунда - 52, Нарын облусунда - 6, Талас облусунда - 6, Ысык-Көл облусунда - 29, Жалал-Абад облусунда - 52, Баткен облусунда - 54 адам айыкты.

Кыргызстанда коронавирусту жалпы 52 миң 910 адам жуктурса, 46 миң 139у айыкты.

Министрдин орун басары кошумчалагандай, COVID-19 илдетинен жана пневмониядан бир күн ичинде 2 адам каза тапты. Баткен облусунда - 1, Бишкек шаарында – 1 адам көз жумду. Жалпы 1 миң 113 киши өпкөнү сезгенткен оорудан кайтыш болду.

"Өлкө аймагындагы стационарларда 2 миң 690, амбулатордук түрдө 2 миң 481 адам дарыланууда", - деди Үсөнбаев.

Пикир

Оставить комментарий