• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда 897 адамдан COVID-19 аныкталып, 9 бейтап көз жумду

COVID - 19 0

Бишкек, 02.08.21. /Кабар/. Кыргызстанда 2-августка карата коронавирус дагы 897 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 619, Ош шаарында – 9, Чүй облусунда – 66, Ош облусунда –6, Талас облусунда – 8, Нарын облусунда – 14, Ысык-Көл облусунда – 54, Жалал-Абад облусунда – 66, Баткен облусунда – 55 адамдан илдет табылган.

"Ал эми бир суткада 1 миң 316 адам илдеттен сакайды", - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 9 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 779 бейтап, амбулатордук түрдө 9 миң 913 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 164 миң 743 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 147 миң 377 киши айыгып чыкса, 2 миң 344 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий