• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда акыркы суткада 787 адамдан коронавирус табылып, үч бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 23.01.22. /Кабар/. Кыргызстанда 23-январга карата коронавирус 787 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 512, Ош шаарында – 5, Чүй облусунда – 154, Ош облусунда – 9, Талас облусунда – 11, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 20, Жалал-Абад облусунда – 42, Баткен облусунда – 29 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 486 адам илдеттен сакайып чыкты, үч бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1162 бейтап, амбулатордук түрдө 6 659 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 195 миң 394 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 182 миң 928 киши айыгып чыкса, 2 миң 849 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий