• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Октябрда жаратылыш газынын эл үчүн коюлган баасы бир куб метрине 14,39 сомду түзөт

Коом 0

Бишкек, 02.10.17. /Кабар/. Октябрь айында жаратылыш газынын эл үчүн коюлган баасы бир куб метрине 14,39 сомду түзөт. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ишканасынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, октябрь айына карата газдын эл үчүн коюлган баасы бир куб метрине 14,39 сом болсо, өнөр жай ишканалары, коммерциялык жана бюджеттик уюмдар кошумча нарк салыгын, киреше салыгын кошкондо 17,64 болду, киреше салыктарын эске албаганда 17,49 сомду түзөт.

"Газпром Кыргызстан" ишканасы ай сайын тарифти Улуттук Банк бекиткен расмий доллардын же болбосо сомдун курс менен Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин буйругунун негизинде эсептеп турууга милдеттүү.

Доллардын 01.10.2017 жылга карата расмий курсу 68,65 сом/доллар түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий