• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Окумуштуулар чайды көп ичкендердин өмүрү узун болорун аныкташты

Дүр дүйнө 0

Бишкек, 14.01.20. /Кабар/. Көк чайды сүйүүчүлөрдүн жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыгуу тобокелдиги төмөн болот жана узак жашашат. Кытайдагы көп жылдык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы European Journal of Preventive Cardiology журналында жарыяланды.

Кытайда 1998-жылдан бери China-PAR долбоору иштеп келет. Аталган долбоордун максаты өлкө тургундарынын жүрөк-кан тамыр ооруларынын өрчүү тобокелдигине божомол жүргүзүү. Изилдөөнүн алкагында окумуштуулар адамдын организмине чайдын кандай таасир этерине анализ жүргүзгөн.

Анализге жүрөк оорулары, инсульт же рак илдетине чалдыкпаган 100 миң 902 адам катышкан. Алар эки топко бөлүнүшкөн: бир жумада кеминде үч жолудан жогору чай ичүүчүлөр жана жумасына үч жолудан аз ичкендер.

Изилдөөгө катышкан адамдарга орточо эсеп менен алганда 7,3 жыл көзөмөл жүргүзүлгөн. Бул аралыкта чайды көп ичкендердин жүрөк-кан тамыр оорулары жана инсульт илдетине чалдыгуу тобокелдиги 20%га, өлүмгө алып бара турчу жүрөк оорулар 22%га жана өлүмгө алып бара турчу башка себептер 15%га төмөндөгөн.

Ошондой эле 50 жаштан жогорку чай сүйүүчүлөр жүрөк ооруларына 1,41 жыл кечирээк кабыл болору байкалган. Алардын өмүрү орточо алганда 1,26 жылга узарган.

Окумуштуулар чай ичүүнүн узактыгы жана үзгүлтүксүздүгү адамга кандай таасир тийгизерин да изилдеп чыгышкан. Ага 14 081 адам катышкан.

Көп жылдан бери үзгүлтүксүз чай ичкендердин жүрөк-кан тамыр оорулары жана инсульт илдетине чалдыгуу тобокелдиги 39%га, өлүмгө алып бара турчу жүрөк оорулар 56%га жана өлүмгө алып бара турчу башка себептер 29%га төмөндөгөн.

Изилдөөнүн жүрүшүндө катышуучулардын көпчүлүгү көк чайды гана ичишкен, 8%ы гана карандай чай ичкен. Көк чай менен кара чайды ичкендер арасында изилдөө жүргүзгөндө адамдын организмине бир гана көк чай оң таасир берери аныкталган. Ал эми кара чай ичкендерде оң таасир байкалган эмес.

Пикир

Оставить комментарий