• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Окуу жылы башталганга чейин 11 мектеп пайдаланууга берилет - Боронов

Коом 0

Бишкек, 19.08.20. /Кабар/. Окуу жылы башталганга чейин 11 мектеп пайдаланууга берилет. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

Анын айтымында, жыл аягына чейин 108 социалдык-маданий объектинин курулушун жана оңдоп-түзөө иштерин бүткөрүү пландалып жатат. Жалпысынан бюджеттен 1 млрд 600 млн сом каралган.

“Жылдын башында өлкө боюнча авариялык абалда 29 мектеп бар экендигин айтканбыз. Ошол мектептерди быйылкы жылдын аягына чейин бүтүрүүнү пландоодобуз. Анын ичинен 11 мектеп 1-сентябрга чейин бүткөрүлөт”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий