• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Коом 0

Бишкек, 05.02.21. /Кабар/. Абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу 5-февралда Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 74-76, 86-91 жана 100-115-чакырымдарында жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий