• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Окуучуга кол көтөрдү делген "Сапаттын" мугалими убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.01.24. /Кабар/. “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин Кызыл-Кыя шаарындагы лицейиндеги окуяга байланыштуу мугалим кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда "Сапаттын" окуучусун ур-токмокко алган учурундагы видео тараган. Окуя 22-январда болгон.

Милициянын билдирүүсүнө таянсак, аталган факт 24-январда Кызыл-Кыя ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери жүрө баштаган.

"Текшерүүнүн жүрүшүндө окуя 35 жаштагы Г.О. аттуу мугалим менен 16 жаштагы окуучунун ортосунда болгондугу аныкталды. Окуучу уктоочу бөлмөдө достору менен сүйлөшүп отуруп, каткырып күлгөн. Мугалим аны коридорго алып чыгып, катуу күлгөндүгү үчүн жаакка чапкан. Окуя болжол менен саат 22:30дар чамасында орун алган", - деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча КР Кылмыш жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Өспүрүм балага соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Ал эми шектүү делген мугалим убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Баткен облустук милициясынан учурда дагы башка окуучулардын токмоктолушу боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп, тергөө иштери башталгандыгын кошумчалашты.

Белгилей кетсек, буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги "Сапаттагы" окуяга байланыштуу комиссия түзүлөрүн билдирген.

Пикир

Оставить комментарий