• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Окуучулар массалык түрдө синтетикалык баңгизаттарды колдонушат – депутат текшерүү жүргүзүүнү сунуштады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.04.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимова мектеп окуучулары арасында баңгизаттарга байланыштуу пландык текшерүүлөрдү жүргүзүп турууну сунуштады.

Анын пикирине караганда, азыркы учурда окуучулар билим берүү имараттарында эле массалык түрдө синтетикалык баңгизаттарды колдонушат. "Мурда окуучулардан баңгизатын колдонууга текшерүү үчүн үлгүлөр алынчу. Учурда мындай текшерүүлөр жүргүзүлбөйт. Бул тажрыйбаны кайтарыш керек. Баңгичиликке каршы күрөшүү керек, анткени бул оору", - деди Ашимова.

Эл өкүлү текшерүүлөрдү киргизүү мектеп окуучуларынын укугун бузбайт деп эсептейт.

Пикир

Оставить комментарий