• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Парламенттик шайлоону 4 же 6 айга жылдыруу сунушталууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22.10.20. /Кабар/. Парламенттик шайлоонун мөөнөтүн 4 же 6 айга жылдыруу сунушталууда. Бул тууралуу журналисттерге парламенттик шайлоонун жылдырууну демилгелеген депутаттардын бири Талант Мамытов билдирди.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу боюнча мыйзам долбоорун жактырган.

Депутаттар тобу сунуштаган мыйзам долбоору “КР президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамынын кээ бир укуктук-ченемдик актыларын токтотуу жөнүндө” деп аталат.

Эми аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин жыйынында каралат. Бирок учурда күн тартибиндеги маселелерди кароо үчүн кворум чогулбайт жатат.

Эскерте кетсек, кечээ, 21-октябрь күнү БШК парламенттик шайлоонун күнүн 20-декабрга белгилеген.

Пикир

Оставить комментарий